UFC уюмунун жеңил салмактагы жеңилбес чемпиону, 38-ирет өткөрүлүп жаткан Eagle Fighting Championship турниринин негиздөөчүсү, орусиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Кыргыз өлкөсүнө болгон эки күндүк сапары жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, 3-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында аралаш уруш боюнча Eagle FC-38 турнири болуп өткөн. Аталган турнирге орусиялык мушкер атайын конок катары чакырылган. Турнирдин алкагында жалпы 19 беттеш өтүп, анда Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери күч сынашкан. Ал эми мелдештин эң негизги чемпиондук кур үчүн болгон беттешинде мекендешибиз Бусурманкул Абдубаит уулу жеңүүчү болгон.
Мелдештен тышкары мушкердин урматына "Ынтымак" жана "Достук" командаларынын ортосундагы атайын көк бөрү оюну уюштурулган.
Ошондой эле UFC жылдызы 4-август күнү Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде журналисттерге маалымат жыйын берген. Андан соң өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушкан.
Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйында Ысык-Көлгө алгачкы ирет келип жатканын жана ага аябай жакканын билдирген.
"Силердин тоолоруңар бар. Климатыңар машыгуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле силердин абдан мыкты мушкерлериңер бар. Силер машыгуу менен гана дүйнөлүк деңгээлге чыга аласыңар", - деген жылуу пикирин айткан белгилүү мушкер.
Белгилей кетсек, бул атактуу мушкердин Кыргыз өлкөсүнө жасаган экинчи сапары. Буга чейин 2018-жылы дагы атасы Абдулманап Нурмагомедов менен бирге Кыргыз өлкөсүнө келип кеткен.