"Орус тилинде жооп бергени үчүн чапкан". Окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси үн катты

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги соода борбордун биринде эркек киши сатуучу кызды кыргыз тилинде эмес, орус тилинде жооп бергени үчүн чаап жибергени кабарланган. Бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко социалдык тармактагы баракчасы аркылуу оюн билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

"Тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоого салым кошпогон, анын ичинде улуттук кастыкка негизделген агрессивдүү аракеттерди айыптабай коё албайбыз", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Ошондой эле ал кыргыз бийлигине "окуяга адекваттуу баа берүү боюнча" кайрыларын кошумчалаган.

Эске салсак, Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиргендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-беренеси "Майда бейбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экен аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Azyk_tegin
2021-08-06 18:48:52
Туура кылыптыр
+20
rahat73.
2021-08-06 18:55:35
Кыргызымдын тилинен айланайын сыйлайлы тилди канча улуттар тили жок калды
+18
jawoomda
2021-08-06 18:56:59
Туура кылат! Кайсыл жерде жүргөнүн унутпасын!
+20
assanov97
2021-08-06 19:17:08
Мындайлар бишкекте коп тц барында орусча суйлошот
+11
Mirnar
2021-08-06 19:20:22
Ото туура кылыптыр. Орус элчиси оз ордун билип роза гул болуп эле отура берсин.
+16
Aimani
2021-08-06 19:20:29
Посол кийлигишип саясатка айландырбаш керек.Мындай окуялар Орусияда толтура.Бирок кызга кол көтөргөн эркек, эркек эмес эле чмо экен.Бул жерде администрация да күнөө бар.эки тилде обслуживание кылыш керек.жанында кыргыз бала эле турат го.канчалык тилибизге куйгонубуз менен закон боюнча орус тили официалдуу тил болуп эсептелет.бироону кыргызча сүйлө деп айталбайбыз.анткени мектептерде кыргыз тилин нормалдуу окутпай.Орусиядан дагы көз карандыбыз.
+12
Pankration_MMA
2021-08-06 19:39:22
Өтө туура кылган, колунан келсе ошол орусча сүйлөгөн саткын киргиздин тилин эле жулуп алыш керек!!!
+11
mira28
2021-08-06 20:17:18
Бул го орус экен .Кыргызстандын 4 бурчунда азыр чала була орусча суйлоп куйдургондор кобойду.Айрыкча тырмак кырып,чач кыркып иштеген кыздар барсан орусча суйлоп куйдуротго кишини.
+17
Baktiyar731
2021-08-06 20:55:01
mira28,
0
Asmat84
2021-08-06 20:25:08
Бирөөнүн ички ишине кийлигишпесин жун баштар кайсы жерде жүрбөсүн ошол өлкөнүн тилин билгенге укуктуу. Биздикилер деле Орусияда жүргөндө көчөдө досуң менен баратсаң да орусча сүйлө дешип жинденет го орустар
Эң туура кылыптыр мен болгондо өтүк менен чапмакмын
+9
IOA
2021-08-06 20:41:00
Кыргызстанда Кыргыз тилинде суйлой албай калабызбы?. Биздин олкодо жашаган жарандар баары кыргыз тилин билсин
+11
Gulina90
2021-08-06 21:27:32
Тура кылган чала орусча суйлогондорду туфли мн башка чабыш кк .
+6
Dembele84
2021-08-06 23:51:37
Туштукто озбекче аралаштырып суйлосо,Бишкек Чуйдо орусча чоп чайнагандар толтура.Улутун кандай болсо да кыргыз тилинде суйлоого и уйронууго укуктуусун деген закон киргизиш керек.А то ар ким ар кыл суйлоп тойгозду!
+6
Antiradikal5
2021-08-07 00:12:03
Туура кылыптыр. Кыргызстанда кыргыз тилинде суйлоону талап кылышыбыз керек...

Орус элчиси жуп кысып отурсун!!!
+5
Noon
2021-08-07 13:01:17
Ырас кылыптыр
+2
Noon
2021-08-07 13:03:03
Чала болуптур, Тим эле озум чапкандай суйундум. Дордой моторсто эт стакан орус аял бир жолу бир келинди кыргызча суйлойсун деп кыйкырып урушту эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан