Ош облусунун Араван районунда кол гранаталарын сатууга аракеттенген тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 31-июль күнү Араван РИИБинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине Араван районунун 29 жаштагы жашоочусу Р.Н. кайрылып, ал өз ыктыяры менен жарылуучу эки даана кол граната өткөрүп берген.
Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул жарылуучу заттарды башка бирөөлөргө сатып берүүнү суранып Ю.Э. аттуу жаран берген. Араван РИИБинин ыкчам-иш аракеттеринин натыйжасында, бул куралды сатып берүү үчүн Р.Нге берген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жаран Араван районунун 27 жаштагы тургуну. Ал учурда эч жерде иштебейт.
Аталган факты Араван РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Тийиштүү экспертизанын жыйынтыгында аталган жарылуучу зат РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы экендиги аныкталган.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул жарылуучу затты шектүү кайдан алгандыгын аныктоо жана ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.