Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге ата-энелердин акчалай жардамын тартуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди.
Ага ылайык, кечээ, 5-августта өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга (оңдоп-түзөөгө жана башкага) кошумча жумшалуучу ата-энелер төгүмүнүн жылдык бекитилген суммасын аныктап алсак жаман болбос эле деген пикирин билдирген.
"Министрдин сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.
Ушуга байланыштуу министрлик көптөгөн жылдардан бери коомчулукта карама-каршылыктуу көз-караштарды жаратып, ата-энелердин нааразычылыгын туудурган ушул маселени мыйзамга ылайык чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүүдө. Анын курамына министрликтин кызматкерлери, ата-энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
Жумушчу топ аталган маселенин укуктук, финансылык, социалдык жана башка аспекттерин тыкыр карап чыгып, маселени чечүү жолдорун сунуштайт", - деп билдиришти министрликтен.