Орусиянын Мытищи шаарында мигранттардын массалык мушташы орун алды

Орусиянын Мытищи шаарында мигранттардын массалык мушташы орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар расмий органдардагы өздүк булактарга таянуу менен жазышууда.

"Мушташка 40ка жакын чет элдик жарандар катышкан. Алардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. Мушташтан жабыркагандар бар. Аларга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат басылманын маалыматында.

Ошондой эле полиция кызматына Пограничная көчөсүндө болгон мушташ тууралуу билдирүү түшкөн. Бирок алар окуя болгон жерге келгенде ал жерден эч кимди тапкан эмес. Азыркы учурда мушташтын катышуучулары жана күбөлөрү изделип жатат.

Эске салсак, буга чейин "Кузьминки" метросунда мигранттардын массалык мушташы орун алган. Анда 200гө чукул адам катышып, алардын 45и 15 суткага кармалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мушташка катышкан 103 жаран депортация болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pankration_MMA
2021-08-07 01:57:12
Дагы Кыргыз-тажиктер окшойт))!
-4
Alishdaman
2021-08-07 02:37:17
Озбектер менен чечендер экен
+7
nazira...
2021-08-07 09:06:47
Alishdaman,ошондой эле болсунчу.
0
Umar7
2021-08-07 11:49:36
Элчилик 2021 -жылдын 6 -августунда Москванын жанындагы Мытищи жана Одинцово шаарларында ок атуучу куралдарды колдонуу менен мигранттар катышкан массалык мушташ тууралуу маалыматка байланыштуу, алдын ала алынган маалымат боюнча Кыргызстандын жарандары башаламандыкка катышпагандыгын билдирет.
Ошону менен бирге, Элчилик РФ аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерден ушул сыяктуу чыр-чатактарга аралашпоого, бул жердин мыйзамын сактоого чакырат.

*********************
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан