"КМШнын мыкты студенти" Бекжан Жаныбеков: "Тарыхты окугандардан гана эмес, аны жаратуучуларынан болсом"

"КМШнын мыкты студенти-2021" сыйлыгы өз ээлерине тапшырылып, көптөгөн студенттерди кубандырып жаткан учуру. Аталган эл аралык сынакка Кыргыз өлкөсүнөн 150 студент катышып, алардын 50сү "КМШнын мыкты студенти" аталды.

SUPER.KG порталы алардын бири Бекжан Жаныбеков менен байланышып, ийгилиги тууралуу маек курду.

- Бекжан, сыйлык кут болсун! Алгач эле өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?

- Мен Бекжан Жаныбеков Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагында туулгам. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин тергөө-криминалистикалык факультетинин 4-курсунун студентимин.

Бир канча коомдук бирикмелерде, уюмдарда мүчө болуп, коомдук иштерге активдүү катышып келем. "Суусамыр өнүктүрүү" коомдук фондунун төрагасымын, мындан тышкары Жаштар парламенти-2020 депутат болгом.

- "КМШнын мыкты студенти-2021" сынагына кантип катышып калдыңыз?

- Март айынын башында "КМШнын мыкты студенти-2021" эл аралык сынактын жарыясын көргөндөн кийин керектүү документтерди тез арада чогултуп, сынактын уюштуруучуларына жибергем. Андан соң маалыматтар текшерилип, талапка жооп бере ала тургандыгы такталгандан кийин, тагыраагы май айынын ортолорунда мага "куттуктайбыз, сиз жөнөткөн бардык маалыматтар, жетишкендиктериңиз талапка туура келип, канааттандырарлык деп табылды. "КМШнын мыкты студенти-2021" аталдыңыз" деген билдирүү келген.

Июнь айынын башында Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына сыйлыкты тапшыруу аземине чакыруу жөнөтүштү. Бирок азыркы коронавируска байланыштуу сыйлыктар талапкерлердин даректерине жөнөтүлдү. Бишкек шаарында чакан сыйлоо аземи уюштурулуп, ошол жактан сыйлыктар ыйгарылды.

- Студент катары учурда алып жаткан билимге канааттанасызбы?

- Ар бир студенттин билим алуусу, окууга кызыгуусу өзүнөн көз каранды деп ойлойм. Албетте, мен студент катары азыркы учурда канааттандырарлык билимге ээ болуп жатам деген ишеничтемин.

- Өлкө үчүн келечекте кандай иштерди жасоо пландарыңыз бар?

- Тарыхты окуш үчүн гана эмес, аны жаратууга да болот дегендей мен дагы өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп желегин желбиретип, элдин жүгүн көтөргөн эл уулу болсом деген аруу максат, ойлорум бар.

- Ыраазычылык билдиребиз, тилегиңизге жетиңиз!

Белгилей кетсек, аталган сынак жыл сайын уюштурулуп келет. Долбоор Казакстандын илимпоздор конгрессинин колдоосу менен "Бөбек" улуттук кыймылы" ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты - жаш илимпоздордун инновациялык долбоорлорун, изилдөө ишинде, чыгармачылыкта, студенттик кеңеште, спортто жана илим менен билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин аныктоо болуп саналат. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү студенттердин кызматташуусун арттыруу.
Сынакка Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Орусиянын студенттери катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан