Жөө күлүк Дарья Маслова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы марафондо 36-орунду ээледи. Ал 42 чакырым 195 метрди 2 саат 35 мүнөт 35 секундада чуркап өттү.
Марафонго жалпы 88 спортчу катышып, алтын медаль кениялык Перес Жепчирчирге (2 саат 27 мүнөт 20 секунд) буюрду.
XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишти. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырды. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздады.