Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келет. Аларды тосуп алуу үчүн журналисттер жана атайын дерекциянын өкүлдөрү аэропортко келишип, спортчуларды күтүүдө. Спортчулардын келиши саат 13:00дө күтүлүүдө.
Тосуп алууга келгендердин арасында маданияттын аттуу-баштуу өкүлдөрү да бар.