"2024-жылы Мээрим эжем экөөбүз Олимпиадага чогуу катышабыз" дейт Жуманазарованын бир тууган сиңдиси

Бүгүн, 7-августта Токиодогу жайкы Олимпиадага катышкан кыргыз спортчулары өлкөгө кайтып келишет. Аларды тосуп алуу үчүн эл аралык "Манас" аэропортуна спортчулардын жакындары, спортчулар, журналисттер жана айрым министрлер келишти.

Бул арада SUPER.KG порталы Олимпиаданын коло медалына ээ болгон балбан кыз Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдисин сөзгө тартты.

"Мээрим эжем аты айтып тургандай эле абдан мээримдүү, акчаң барбы, курсагың токпу деп дайыма мага кам көрүп турат", - деди ал.

Сиз да күрөшөсүз да, Мээрим эжеңиздин бул ийгиликтери сизге шыктануу бердиби?

- Ооба, Мээрим эжемдин ийгилигин көрүп, мүмкүн болбогон эч нерсе жок деген ойго келдим. Буюрса, 2024-жылы Олимпиадага эжем экөөбүз чогуу барабыз. Эжем абдан күчтүү болчу, кадимки машыгуу күрөштөрүндө мындай таймаштарды жөн эле жеңчү, ал жерде бир аз сүр болду окшойт. Эжем менен сыймыктанам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirnar
2021-08-07 15:11:00
Тилегине жет Мээрим экоон алтын медаль алып келгиле 2024- жылы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан