Денис Петрашов кийинки Олимпиада оюндарына катышууга даярдык көрөрүн айтат

Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келет. Аларды тосуп алууга журналисттер жана атайын дерекциянын өкүлдөрү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү спортчулар, маданияттын мыктылары дагы келишти.

Андан тышкары Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы алгачкы күмүш медалдын ээси Канатбек Бегалиев, оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков, сууда сүзүү боюнча спортчу Денис Петрашов жана ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова келди. Анда журналисттер Петрашовго Олимпиададагы көрсөткүчү жана алдыдагы пландары тууралуу суроо узатышты.

"Мелдештеги көрсөткүчүмө 100 пайыз ыраазы эмесмин. Мен тобокелге барбайм, ошондуктан старт бергенде кармалдым. Алдыдагы пландарымды айтпай эле коёюн, бирок кийинки Олимпиада оюндарына даярданам", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2021-08-07 13:15:28
Жөн эле кой
-7
Mubarak
2021-08-07 14:48:32
Жакшы емикисиде буйруса медалдуу болунуз
+4
Salixa.
2021-08-07 17:58:33
Бул женилуу кийинки женишке чон куч берет буйруса,ал жакка баруу женилсе да канчалаган бийик жолду басып откондорунон кабар берет.Келечек алдыда !Али да кеч эмес.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан