"Чечимимди сөзсүз түрдө айтам". Айсулуу Тыныбекованын "медаль утсам жеке жашоомду курам" деген сөзү боюнча жообу

Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келет. Аларды тосуп алууга журналисттер жана атайын дерекциянын өкүлдөрү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү спортчулар, маданияттын мыктылары дагы келишти. Аэропорттон машыктыруучулардын, спортчулардын катышуусунда маалымат жыйын өттү. Анда Айсулуу Тыныбековага төмөндөгүдөй собол беришти.

- "Париждеги Олимпиада оюндарына катышасыңбы? Олимпиада оюндарында медаль утсам жеке жашоомду курам деп сөз бергенсиң. Жообуңду кыргыз эли күтүп жатат болуш керек".

- "Мен буга чейин көп сөздөрдү айткам, сөз бергем, аны унуткан эмесмин. Күмүш медалга жеткенимдин себеби - кандай гана кыйынчылык болбосун жеңишке жетем дегем, ошондуктан бүгүнкү күндөгү ийгиликти жаратып турам.

Алдыда Олимпиада оюндарына катышамбы деген суроого жооп, чындыгында азыр эч кандай оюм жок. Алтын медаль алам деп баргам. Алланын буйругу менен экинчи орунду алып отурам. Командам менен чогуу отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен ойлойм, бир апта болобу, бир ай болобу өзүбүзгө толук келип алып, командам менен жыйынтык чыгаргандан кийин өзүмдүн чечимимди сөзсүз түрдө айтам", - деди ал.

Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
PFC-CSKA
2021-08-07 14:23:28
Олимпиаданы унутуп болду турмушка чык бактылуу эне бол спортко эмгегин жакшы эле синди.ты это заслужила !!!
+12
Reebok-citi
2021-08-07 17:07:51
Турмушка чык карындашым ушул убака чейинки утуштарың жетет кыргыз элиме
+7
Shbdn
2021-08-07 19:26:30
Жогорудагы сөздөргө кошулам Айсулуу сенин бактылуу эне болушуңду күтүп Алладан тилейбиз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан