Биз социалдык тармакта

"Эки спортчуга сөз берилбей калган". Президент Кайрат Иманалиевге элдин алдында сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш берди. Буга Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон 3 спортчунун бирине сөз берилип, экөөнө, тагыраагы, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калганы себеп болду.

"Урматтуу кыргыз элим, өкмөттүн аппаратынын уюштуруучуларынан анча-мынча ката кетип калат. Мен өзүм дагы байкабай калыптырмын, эки медаль ээлерине сөз берилбей калганына. Азыр атайын чакырып аларга да соз бердирдим. Сиздердин алдыңыздарда министрге сөгүш жарыялап кетейин. Кийинки жылдары мындан дагы чоң жетишкендиктерге жетели", - деди Жапаров.

Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу аземи учурда "Ала-Тоо" аянтында уланууда.

Салтанатка президент Садыр Жапаров келип, спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү.
Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Pankration_MMA
2021-08-07 16:07:14
Кана видиги?
-7
Aimani
2021-08-07 16:22:53
Айперини деле колдоп кш керек эле.слз бербесе дагы женуучулорго кошка айтып.анткени ал судьялардын калыстыгы жок утулуп калды американка га..очколорун бербей коюшуп.тигиге очко кошуп
+18
Belek1710
2021-08-07 16:49:05
Aimani,Туура мындай учурларда чоң мамлекеттер өзүн көрсөтүп алат да, судьялар дагы ошол тараптан сүйлөйт.
+5
ayzhan12
2021-08-07 17:07:01
Belek1710,
Жеңүүчүлөргө ырахмат. Өзгөчө сулуу кыздарыбыз элибиз учун ишке жарады. Дагы көптөгөн кыздарыбыз жашоосунда ийгилик жаратып, жеңиш алып келишсин. Жаркын жана татыктуу жеңиш менен куттуктайбыз! Баардыгы мыкты жасалды. Ушул эле духт уланткыла. Ийгилик жана чыдамкайлык. Жакындарынын колдоосу жана алардын сүйүүсү ар дайым күч кошуп турсун.
+5
Pankration_MMA
2021-08-07 18:05:02
ayzhan12, Чачыңарды койо берип жүргүлө деп кой)))
+3
ayzhan12
2021-08-07 20:51:53
Pankration_MMA,
Анан кыздар дайыма чачынарды жазып, жасанып, жаркырап, сулуу, жагымдуу болуп журо бергиле.
+1
umarbey
2021-08-07 21:49:31
Ozu ushu ministr kilgan ishi jok pr menen alek bolup kaldi ele…
+2
modem4999
2021-08-08 01:42:11
Президент денээлин кордунор да
+1
jaskaaa
2021-08-08 09:45:13
Ушулар атайын ушинте береби? Же ушунчалык келесообуу? 50 адам келип унутуп калса түшүнсө болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан