Бүгүн, 7-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан улуттук курама команданын 11 мүчөсү өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу салтанаты "Манас" эл аралык аэропортунан башталып, "Ала-Тоо" аянтындагы концерттик иш-чара менен жыйынтыкталды.
Намыска жараган спортчуларыбыз борбордук аянтта кызыл килемден өтүп, президент Садыр Жапаровдун куттуктоосуна күбө болушту. Сыймыгыбыз болгон мекенибиздин уул, кыздарынын эмоция тартуулаган сүрөттөрүн сунуштайбыз.