Биз социалдык тармакта

Өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы төмөндөдү. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бааларды көзөмөлдөөнү улантууда

Бүгүнкү күндө өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баа төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттик тарабынан кабарланды.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Бишкектеги "Азиз" базарында социалдык маанилүү азыктардын баасына мониторинг жүргүзүлүп, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 6-августта кумшекер жана өсүмдүк майынын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн "Азиз" дүң базарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Аталган базарда "Лучезарное" өсүмдүк майынын 5 литри 780 сомдон сатылса, бүгүнкү күндө анын баасы 5 литрине 650 сом, майдын литри 120 сомдон 140 сомго чейин сатылууда. Кумшекердин 1 килограммы 57 сомдон 59 сомго чейин сатылууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bratanyn
2021-08-08 10:35:36
Бензин менен дизелди да арзандатса жакшы болмок
+11
Asmat84
2021-08-08 11:04:13
bratanyn, бензинди арзандатса чоңдорго азыраак акча түшүп калбайбы
+6
Pankration_MMA
2021-08-08 12:01:37
bratanyn, Булар аларды рфдан алып келишет, арзандата алышпайт. Казахстанда 35 сом болсо.
+1
Gulina90
2021-08-08 10:38:47
Май,ун,картошка,эт ошолор түзүгүрөөк арзандап кетсе экен.
+7
Mirnar
2021-08-08 11:00:58
Кумшекер 65 сомдон эле сатылууда Ош шаарында.майды билбедим...
+7
NSKA
2021-08-08 11:39:19
Лучезарное майын издеп ит болобуз го эми
+2
Liliia
2021-08-08 12:38:17
Желтый домик деген май толук 5 литр чыгат бугун 620дан алдым дайым ушул майды иштетем
+2
hangug
2021-08-08 13:21:24
20 сом арзандаса эле антимонополия козомолдоодо деп кулкуну келтирет да 50% арзандаса Эл кол чаап коломок.
+10
AdylbekB84
2021-08-08 13:47:51
Бишкекти эле көзөмөлдөбөй башка областарды дагы карап койгула 1 литр май бизде 170-180 сом болуп жатат!
+7
surgeon777
2021-08-08 15:32:38
Кумшекер биздин уйдун жанында 70сомдон эле сатып жатышат,суумай 165сом
+2
Dembele84
2021-08-08 16:42:56
Эч нерсе озгоргон жок,азыр базардан келдим.Ошто баалар кандай которулгон болсо ошол боюнча сатылууда.Баарын жонго салып анан озунорду реклама кылгыла.Бир эки жерди текшерип алып,биз анттик мынттик деп чыгыпсынар
+3
Nursul
2021-08-08 18:56:49
Бишкек жалпы Чуй облусун кыдырыпсыңар калган облус райондорчу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан