"Эгерде кимдир-бирөөнүн сезимине, намысына шек кетсе, анда кечирип коюңуздар". Аслан Сартбаев чуулгандуу постунан кийин кайрылуу жасады

Бүгүн, 7-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен "расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)" беренеси менен "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлашты. Аталган мекемеден Сартбаев интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалганын кошумчалашкан. Кийинчерээк редактор кармалышы боюнча социалдык тармакка билдирүү калтырды.

"Мен жалпы оштуктарга сөз тийгизип, акаарат келтирген жокмун. Бул факты! Болгону Бишкек мэрлигине келген Таалайбек Сарыбашовго карата суроо берип, сын-пикиримди ортого салдым. Адам баласында сөз, ой эркиндиги болушу керек. Дароо эле кылмыш ишин козгоп, камакка алууга басым кылышканы абсурд! Эгерде кимдир-бирөөнүн сезимине, намысына шек кетсе, анда кечирип коюңуздар. Биз бир улутпуз, ынтымакта бололу! Мага жана үй-бүлөмө коркунуч келтиргендерге сабыр тилейм!
А баса, мен "Азия Ньюс" гезитинен Ташиевдин, Сарыбашовдун ишмердиктерин сындап келгем, ошол жагынан өч алууга баратышса жигитчиликке жатпай калат!", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 6-августта социалдык тармакта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовго карата "Бул итибайдын "ошский ромашкалары" кимге керек? Ушуну кантип чыдап угуп отурушат" деген постун жазган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар муну трайбализм катары мүнөздөгөн, ал эми калаа башчысынын кеңешчиси талкуу жараткан пост боюнча УКМК сөзсүз түрдө чара көрүшү керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Pankration_MMA
2021-08-07 22:39:14
Сыдманды жаштык кылды, деп көпчүлүгү кечирди, бирок сенин жаштыгың калган жокта, картайып калсаң деле дөөрүп жүрө бересиңби?!
+30
Gulina90
2021-08-07 22:43:52
Сразу оч алып атат,кысым кылып,уй-булоомо коркунуч болду деп чыгышат.Эркекпи созуно жооп берсин камалсын.
+30
Mamyrbek
2021-08-07 22:46:32
Ош деп айтканын өзү итибайдын сөзү, сендей акмактарды кандай ата эне тарбия берген экен. Ааа итибай. Сен андай кыйын экенсин ар бир адамга өзүнө жаз Ош дебей
+27
Asmat84
2021-08-07 23:13:24
Кармасам бутылка тыгам шашпа
+23
Abdyrashit.Satylganov
2021-08-08 00:26:19
Бизде "Сөз эркиндиги" - деген шылтоо менен кызыл тилди сайраткандар көбөйдү. Анан териштирүүгө алса "Кысым көрсөттү, саясий куугунтук" - деп чыга калышат... Менин оюмча, улутка бөлүнүүгө, аймакка бөлүнүүгө болгон фактыларды, терроризм катары баалап. Жаза берилүүсү шарт! Антпесе өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетириши мүмкүн...
+23
tsunse
2021-08-08 01:33:47
Сен озү ошол пост жазаардан мурун озүңүн үй бүлөөнүн коопсуздугун ойлоп туруп анан жазбайсынбы [moderated]. Оозум бар деп эле айта бербей
+22
nazarnew
2021-08-08 07:17:48
Блин кармап туруп сындырып салгылачы ушундай бөлгөн чимкириктерди, улут бөлгөн тварь десе, камап туруп зектерге салып бергилечи, блин урод десе. Журналист болбой өл нафиг, тварь десе.
+17
Nursul
2021-08-08 07:54:56
Акыбалын ушул экен жөн эле жүрө бербейсиңби. Ынтымактуу бололу бул жигитчиликке жатпайт деп коёт силердин айтканынар жигитчиликке жатабы ошондо.
+16
Jonisem
2021-08-08 08:00:28
Оштуктар дагы сабырдуулук мн күтүп атканго эсине келип калаар деп болбосо жашаганына окунуп калат эленго дөөпараз
+15
Rusbayastan
2021-08-08 08:15:40
Бизде бул конумуш адат болуп айтып алып эки кундон кийин кечирим сураш
+12
gulya583
2021-08-08 16:03:56
Озунун фамилиян Сартбай экенго итибай, [moderated]дан эмессинби
+6
Beka1986
2021-08-08 18:33:44
Кармасам айрыйм Сартбайдын жетими
+6
sotkasotovic
2021-08-08 21:57:10
Айтканга чейин соз сенин кулун,айткандан кийин сен анын кулусун. Ириген ооздон чириген соз чыгат
+3
Zumrudianka
2021-08-09 03:42:27
Ай журналист итибай олгон шумшук экенсинго, чокуна оч алуубу. Ташиев сага зыян келтирем десе элге алып чыкпай эле тихо мирно бироону айландырып жонотуп сен итибайды геморройунду чыгара туйрумок. Ташиев сага окшогон анкылдаган катын эмес ар кимге асыла бергидей. Сен эмне кылдын Сарыбашов мн Ташиевтин 1 кундук ишин кыла алдын бекен. Мен да талап кылам сени жоопко тартуусун
+1
Datka7777
2021-08-09 14:36:04
Ушак, жалаа менен жан баккан байкуш бул!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан