Абалдары оор. Өзгөндө жол кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алды

Ошто жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын абалы оор.
Белгилүү болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 8-августта саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 618-чакырымында Өзгөн районунун Шералы айылында катталды.
"Анда Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа Хёндай Портер менен сүзүшүп, Мырза-Аке айылынын 5 тургуну ар кандай жарааттарды алышты. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жаракат алгандар Өзгөн райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматы менен жеткирилди. Жабыркагандардын абалы оор", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-08-08 10:12:06
Кудай сактасын ээ машина жараксыз болуп калыптыр го ичиндеги адамдар соо калбагандай го
+5
Rusi79
2021-08-08 10:15:49
Стептер жолдун ортосунда журчу эле.
+3
Pankration_MMA
2021-08-08 12:03:19
Стептер өтө шашма. Айып степте болсо керек. Анын аты степ эмес, азраил болуп калган.
+2
Emir.Elina
2021-08-08 15:59:45
Эрте менен коргон элек. Портер оодарылып калган экен эле.
0
Rifle_I
2021-08-08 16:17:05
Такси болуш керек ? Өтү куюлуп каршы тилкеге чыгып адыраңдап айдаа калыштф таксилер. Степке сөз жок. Бардык стептин сол фарасы сынсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан