"Баткендеги курулуштар ийгиликтүү ишиңердин айкын далили". Улукбек Марипов курулушчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов курулушчуларды кесиптик майрамы - Куруучулар күнү менен куттуктады. Анын куттуктоосун министрлер кабинетинин маалымат кызматы жарыялады.

"Урматтуу куруучулар! Сиздерди министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Куруучулардын жаратмандык кесиби – татаал, көп кырдуу жана чыгармачыл кесип. Бүгүнкү күндө жогорку квалификациялуу куруучу кууш чөйрөдө гана эмес, ар тараптуу терең билимге ээ болуусу шарт, ошондо гана курулуп жаткан имараттар архитектуралык жактан өзгөчөлүккө ээ болуп, узак мөөнөттүү пайдаланууга жарактуу болот.

Жаркыраган мектеп, бала бакча, заманбап оорукана, заңгыраган үйлөр, дегеле кандай гана курулуш болбосун, ал көргөн көздү кубандырып, адамга бакыт тартуулайт.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ички дүң продукциянын структурасында салмактуу орунду ээлеген курулуш тармагында жылдан жылга ири суммадагы жумуштар аткарылууда жана миллиарддаган инвестициялар тартылууда.

Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинин курулушчулары дүйнөдөгү алдыңкы салттарды сактоо менен жаңы технологияларды колдонуп, келечектүү жана оригиналдуу конструктордук чечимдерди кабыл алып, жалпы системада көптөгөн социалдык объекттердин курулушун ийгиликтүү ишке ашырып жатасыздар. Кыска аралыктын ичинде салынып жаткан Баткен облусундагы курулуштар мунун айкын далили.

Урматтуу куруучулар, алдыда өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууга, жаңы социалдык, инфраструктуралык жана коммерциялык объектилерди курууга жана оңдоого багытталган көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турат. Ал милдеттерди аткарууга сиздердин билимиңиздер жана мүмкүнчүлүгүңүздөр толук жетиштүү деп ишенем.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shota
2021-08-08 15:43:41
Куруучучулар майрамыңар кут болсун! Жараткан жалпыңардын үй-ичиңерге бейпилдик, бактылуу жашоо насип кылсын, Жараткан силерди бөөдө-кырсыктардан сактасын, Оомиин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан