Чүй облусунун Аламүдүн районунда бүгүн, 8-августта сарайдан өрт чыкты. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сарайдан чыккан өрттөн 700 түк чөп, 3 тонна арпа жана саман күйдү. Сарайдын болжол менен 140 чарчы метр чатыры күйдү. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.