Айдоочу рулга ээ боло албай, аялдаманы сүзгөн. Талас шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду

Талас шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, айдоочу рулга ээ боло албай аялдаманы сүзгөн.

"Жол кырсыгы 7-августта саат 16:30 чамасында Талас шаарындагы Айтматов көчөсүндө орун алды. Анда Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу күн чыгыштан батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай "Рустам" аялдамасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жеринде каза болуп, жанындагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди. Жабырлануучунун абалы орто", - дешти башкармалыктан.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-08-08 13:25:51
Концерва болуп калыптырго.
0
Rifle_I
2021-08-08 16:13:27
Pankration_MMA,
Ылдамдык өтө чоң окшойт. Бул мерстин кузову катуу негизи эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан