Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде өлкөгө келген. Ал 6 мүнөткө созулган видео кайрылуу жасап, анда "Кумтөр" иши боюнча кечирим сурады.
Анын айтымында, мекенинен алыс болсо да "Кумтөрдүн" айланасындагы окуяларга, өзгөчө 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин көрүлгөн чечкиндүү чараларга байкоо салып, четте тура алган эмес. Ал Кыргыз өлкөсүндө кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөнүнө карабай "Кумтөр" иши боюнча көрсөтмө берүүгө келгенин белгилейт.
Мурдагы мамлекет башчысы өлкөгө келген алгачкы күндөн тарта күн сайын суракка барып, тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатканын айтты. Аскар Акаев алтын камтылган долбоор боюнча документке кантип кол коюшканын да айтып берди. Ал белгилегендей, Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин президент катары алтын-валюта ресурстарынын туруктуу ишенимдүү булагы ("Кумтөр" болушу мүмкүн болгон) менен камсыз кылуу милдети болгон.
1992-жылы декабрда "Кумтөр" долбоору боюнча канадалык "Камеко" корпорациясы менен биринчи башкы келишимге кол коюлган жана бул долбоордун башталышы болгон.
"Кумтөр" боюнча башкы келишимге кол коюлгандан бери кыргыз тарап көптөгөн кызыкчылыктарга, анын ичинде канадалык тараптын кызыкчылыгындагы мыйзам бузууларга, улуттук кызыкчылыктар зыянга учурады. Бул фактылардын бири "Камеко" корпорациясынын кыргыз өкмөтү тарабынан салыктардан мыйзамсыз бошотулушу, анын ичинде 1992-жылкы башкы келишимге кол койгондо жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле "Кумтөр" долбоорун башкарууну канадалык тарапка өткөрүп бергени. Натыйжада кыргыз тарап дивиденддерден тышкары республиканын бюджетине ири салыктык кирешелерсиз калды", - деди экс-президент.
Айтымында, бул өкмөттүн гана эмес, өзүнүн да кылмыш катасы деп эсептейт. "Мамлекет башчысы катары бул менин катам. Анткени мен "Кумтөр" долбоору боюнча чечим кабыл алып, өкмөткө толук ишенип, башкы келишимге кол коюуда Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы толугу менен эске алынганына ишенгем", - деди ал.
Аскар Акаев өзүнүн негизги катасы деп 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо үчүн өкмөткө макулдук бергенин айтат.
"Камеко" корпорациясынын "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо сунушу изилденгенде мен президент катары өкмөткө акциялар адилеттүү бөлүштүрүлгөн учурда гана "Центерра" компаниясына кирүү милдетин койгом. Менин жеке эсептөөлөрүм боюнча, биз "Центеррадагы" 40 пайыздан кем эмес акцияга ээ болушубуз керек эле. Бирок канадалык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөт келишимге кол коюп, Кыргыз Республикасы 33,33 пайыздык үлүш менен "Центеррага" кирген. Кийинчерээк мага Кыргыз өлкөсү үчүн ыңгайлуу шарттарда реструктуризациялоонун варианттары бар экендиги туурасында өкмөттүн колунда дагы эле документтер бар экени белгилүү болгон. Мамлекет башчысы катары мен "Кумтөрдү" реструктуризациялоого макулдугумду бербешим керек болчу. Бирок ошол учурда өкмөт бул зарыл экенин белгилеп, мени ынандырды.
Урматтуу мекендештер, каталарым үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актабаганы үчүн", - деп кечирим сурады.
Акаев ошол кезде өкмөткө тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу канадалык инвесторлордун кенди толук көзөмөлүнө алууга мүмкүндүк бергенин кошумчалады. Инвесторлор өздөрү үчүн чоң киреше таап, кыргыз тарапка аз дивиденддерди төлөп, экологиялык көйгөйлөрдү жаратты.
"Мунун баарын эске алып, мен тергөө менен толук кызматташам жана кызматташууну улантам. Бирок мен Кыргыз Республикасынын жараны катары жана мурунку президент катары каталарым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем жана дагы бир жолу чын дилимден кечирим сурагым келет", - деди Аскар Акаев.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.