Чүй облусунун Токмок шаарында кондитердик цех күйдү. Өрт алгач ачык аянттагы куураган чөптөн башталып, кийин цехти каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 8-августта ачык аянтта куураган чөп күйүп, өрт кондитердик цехти жана кампасын каптаган. Анын кесепетинен кампадагы коробкалар жана цехтин жалпы 815 чарчы метр аянты күйдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок. Өрт саат 18:16да толугу менен өчүрүлдү.