Токмокто эки жеңил унаа сүзүшүп, 52 жаштагы айдоочу каза болду

Чүй облусунун Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 52 жаштагы айдоочу көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-августта саат 11:00 чамасында 1969-жылы туулган айдоочу Мицубиси Спэйс Раннер унаасын Токмок-Онбир-Жылга жолунда түштүктөн түндүктү көздөй башкарып бара жатып, Хонда СР-В үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Мицубиси Спэйс Раннер унаасынын айдоочусу алган жаракатынан улам каза болгон. Андан сырткары Хонда СР-Внын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан