Ош облусунун Араван районунда каналга чөгүп кеткен 1991-жылы туулган жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-август күнү саат 18:45 чамасында Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн Ленин айылында жайгашкан Фергана каналында 1991-жылы туулган жаран каналга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 14 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылып, жеринде издөө ишин улантууда.