Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты онлайн сервисинен ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.
Анын айтымында, санариптик сервис менен жарандарга сертификат онлайн түрдө жана үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде), сүрөтү, паспортунун маалыматы жана эмдөө жөнүндө маалымат менен жеткиликтүү болот. "Калкты тейлөө борборунан санариптик булут кол тамгасын алып, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталып, сертификатты алуу керек.
6-августка карата эмдөө сертификатын 32 миңден ашык адам алган", - дейт ал.