Баткен облусунун Ак-Калпак айылында турак үйдөн өрт чыгып, күйүүчү май жана отун күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 8-августта Ак-Калпак айылында жалпы аянты 24 чарчы метр болгон бир бөлмөлүү турак үй, 1 тонна отун жана 600 литр күйүүчү май (солярка) күйдү.
"Өрттү өчүрүүгө саат 19:06да 1 бөлүм тартылып, саат 20:23тө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешет мекемеден.