Орусия Кыргыз өлкөсүндөгү орус тилдүү калктын укуктары корголушун камсыздоого чакырат

Орусия Федерациясынын президентине караштуу жарандык коом жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча туруктуу эл аралык комиссиясы Кыргыз өлкөсүндөгү орус тилдүү калктын укуктары корголушун камсыздоого чакырат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Комиссиянын билдирүүсүндө айтылгандай, лингвистикалык жана этникалык негиздер боюнча орус тилдүү адамдарга карата достукка жатпаган иштер Кыргыз өлкөсүндө көп катталууда.

Аталган комиссия жогоруда катталган фактылар боюнча тынчсыздануусун билдирген.

"Орус улутундагы бала спорттук лагерде анын улутуна, ишенимине карап ур-токмокко учураган. Ошондой эле жакынкы аралыкта Бишкекте сатуучу орус тилинде сүйлөгөнү үчүн кардар ага кол салган. Мунун баары тынчсызданууну жаратат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиргендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко социалдык тармактагы баракчасы аркылуу оюн билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыккан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
loveless
2021-08-09 11:21:51
Кыргызстанда жашагандан кийин кыргызча суйлош керек. Биздин деле Россияда орусча суйлоп жатабыз го кыргызча суйлосон кочодо каласын.
+12
Neiro
2021-08-09 11:29:03
Биз мынтип ур токмокко албастан өзүбүздүн маданияттулугубузду көргөзүшүбүз керек мисалы кыргызча билбесең кыргызстанда жашай албачудай кылып кыргыз тилинин деңгээлин өзүбүз көтөрүшүбүз керек кайра биз кыргызча жооп бергендерди жаман көрүп жатпайбызбы өзүбүз кыргыз болуп туруп анан башка улуттагы элдер биздин тилди сыйлабайт да
+4
Jaraisyn
2021-08-09 11:40:09
Ошол орус улутундагы жарандарга кыр көрсөтүп аткан кыргыз атуулдары, орусияда жүргөн мекендештерибизди да бир саам оюңардан өткөргүлө. Кыргыз тилин билип өзүбүз кыргызча сүйлөбөйбүз анан кантип бирөөгө таңуулайбыз. Макул кыйын болсоң орусчага орусча жооп берип кое бер. Жумурткадан кыр издеп турабыз өзү. Кыйын болуп алабыз
-3
Antiradikal3
2021-08-09 16:07:09
Jaraisyn, ар бир жаран жашап жаткан олкодогу тупкулуктуу калктын менталитетин, тилин сыйлашы керек. Супер болбосо да, базалык кыргыз тилин билуусу керек. Анткени орус, озбек тилдуу мектептерде да 10-11 жыл кыргыз тили окутулат. Эгер кыргыз тилин билбесе, атайы кыргыз тилин жээрип, уйронгусу келбегени...

Эми бизге келсек, сен жалпылап суйлобой жур. Мен Кыргызстанда эле эмес, Кыргызстандан тышка чыксам да, тышта жургон кыргыздарга кыргызча кайрылам! Эне тилибизди сыйлайлы!
+4
Jaraisyn
2021-08-09 11:41:30
100 жолу башка чаап кыргызча сүйлө десең да ал кыргызча сүйлөп кетпейт. Аны ур токмок менен эмес, сөз менен маданият менен мамиле менен сүйлөтөсүң кыргызча
0
Antiradikal3
2021-08-09 16:08:39
Jaraisyn, кээ бир адамдарга соз эмес, согуу, уруу тез жеткирет оюнду. Жакшы созго тушунбогондор болот мисалы, балким сага окшогондор.
+1
bond02
2021-08-09 11:55:07
Кыргыздарды Россияда кемсинткен учурлар коп эле болот го.
+9
Aimani
2021-08-09 13:25:59
bond02,Кыргызстан россияга тиши отпойт.бллбосо Буга окшогон окуялар ал жакта толтура.мындан жаман кордошот.бирок бизде орус тили официалдуу болгондуктан кыргызча суйло дп кыйнай албайбыз.
-1
Antiradikal3
2021-08-09 16:11:24
Aimani, расмий тилди жоюп салуу боюнча демилгелер убак убагы менен которулуп келет. Кандай болгондо да, олкодо сага кызмат корсотуп жаткандар кыргыз тилинде кызмат корсотууго даяр болуусу керек, улуту кандай болсо да. Болбосо расмий тил деген статусту жоюп салууга убакыт келип жеткен болот.

Оруссия бизге кандай кылууну уйротууго акысы жок. Жакпаса кочуруп кетсин орустарын!!!
+1
assanov97
2021-08-09 13:28:25
Кыргызстандын аймагында баардык жеринде кыргызча суйлош керек. Сода туйундорго кирсен бут орусча
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан