Олимпиадалык медалдар колдонуудан чыккан тиричилик техникалардан жасалган

Токиодогу Олимпиадалык медалдар колдонуудан чыккан электротехникадан - мобилдик телефондордон жана башка гаджеттерден жасалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, медалдарды жаратууга бүт өлкө катышкан.

Белгилүү болгондой, баалуу металлдар электрондук түзүлүштөрдү өндүрүүдө колдонулат: күмүш жана алтын. Жана бул баалуу чийки зат - колдонулган телефондор жана ноутбуктар менен бирге адатта таштандыга төгүлөт.

Японияда Олимпиадалык медалдарды өндүрүү боюнча жалпы улуттук долбоордун алкагында, 2017-жылдын 1-апрелинен 2019-жылдын 31-мартына чейин, керексиз болуп калган гаджеттерин көчөлөрдө жана почта бөлүмдөрүндө илинген атайын кутуларга салып чогултушкан.

Эки жылдын ичинде өлкө боюнча уюлдук телефондорду кошкондо дээрлик 79 тонна керектөөчү электроника чогултулган.

Натыйжада, Токио Олимпиадасынын 5 миң медалын жасоо үчүн кайра иштетилүүчү материалдар жетиштүү алынган. Чогулган гаджеттерден 32 килограм алтын, 3,5 килограм күмүш жана 2,2 килограм коло табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Afrodita1993
2021-08-09 14:08:34
Мнеге Tokio2020 деп жазылган же былтыр өтүш керек беле олимпиада
-4
Tursunbaev1978
2021-08-09 14:15:15
Afrodita1993,оа былтыр өтүш керек эле,бир жыл кийин өттү,ковидке байланыштуу
+3
Milduri
2021-08-09 15:25:50
Аиий анда эски, бузулган смартфон, планшеттерди ыргытпай чогултуш керек экенда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан