Өзгөндөгү 5 адам жабыркаган жол кырсыгы. Жүргүнчү аял ооруканада каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунда 5 адам жабыркаган жол кырсыгынан ооруканада бир жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Аймактык ооруканада 1973-жылы туулган аял каза болду. Ал эми дагы 4 жүргүнчү ооруканада дарыланууда. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат", - деди басма сөз кызматынан.
8-августта саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 618-чакырымында Өзгөн районунун Шералы айылында Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа Хёндай Портер менен сүзүшүп, Мырза-Аке айылынын 5 тургуну ар кандай жаракаттарды алышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан