Улуу Британияда көлөмү болгону адамдын манжасындай болгон жарганат узак аралыкка учуу боюнча "Олимпиада чемпиону" болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарганат өзүнүн саякатында Улуу Британиянын Лондон шаарынан баштап Орусиянын Псков облусуна чейинки 2018 чакырым аралыкты учуп өтүп рекорд койгон. Жарганаттын саякаты аталган облустагы анча чоң эмес Мольгино кыштагында аяктаган. Аны Светлана Тапина аттуу жаран жаракат алган абалда таап алып, канатындагы Лондон зоопаркынын мөөрүн байкап калган жана дароо тиешелүү адистерге өткөрүп берген.
Жарганат ветеринардык клиникага жеткирилген соң ага мышык кол салганы белгилүү болгон. Бирок рекорд койгон канаттуу алган жаракатынан улам жашап кете алган эмес. Ошондой эле аталган жарганат 2016-жылы Лондондо кармалганы белгилүү болгон. Аны эксперттер "Олимпиада чемпиону" деп аташты.
"Бул Европадагы жарганаттардын эң сонун жана эң узун саякаты. Ал "Олимпиада чемпиону", - деген Лондондогу жарганаттарды коргоо фондунун жетекчиси Лиза Уорлеж.
Ошондой эле эксперттер жарганаттардын мындай миграциясы климаттын өзгөргөнү менен байланыштуу экендигин белгилешти.