Биз социалдык тармакта

Ошто 5 күн мурун үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кайыр сурап жүргөн жеринен кармалды

Ош шаарында үйүнөн 5 күн мурун чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кайыр сурап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-август түнкү саат 02:20 чамасында Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери 3-кезекте Ош кичи районунда унаа кайгуулда кызмат өтөп жүрүшкөн.

Ошол учурда Масалиев жана Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүмдүн кайыр сурап жүргөнүн кезиктирип, ал баланы аталган жерден алып барып Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлоруна өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, бала Кара-Суу районунун 10 жаштагы тургуну экени аныкталган. Ал үйүнөн 5 күн мурда чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Бул боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө тобу текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан