Байге фонду 3 миллион сом. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата эл аралык айтыш өтөт

30-31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган "XIV эл аралык Айтыш-2021" өтөт. Байге фонду 3 миллион сом.
Иш-чара Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта 18:00дө орун алат. Айтышка тандоо туру 20-августта "Манас" кинотеатрында 10:00дө болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан