Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев менен мушташа кетип кармалган Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынын депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган депутаттын баш коргоо чарасы кечээ, 8-августта Ленин райондук сотунда каралган. Анда Темиркулов эки айга, тагыраагы, 7-августка чейин үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, 7-августта милицияга Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде А.К. аттуу жарандын бутуна ок тийгени тууралуу билдирүү келип түшкөн. Натыйжада жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.