Сингапурда болгону 212 грамм болуп төрөлгөн дүйнөдөгү эң кичинекей бөбөк ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык Квек Йу Хуан аттуу ымыркай болгону 212 грамм салмакта, 24 сантиметр узундукта жарыкка келген. Ымыркайдын апасында негизги ички органдарына жана курсактагы балага да оор зыян алып келе турган, жада калса өлүмгө чейин алып баруучу "преэклампсия" илдети болгон. Ымыркайдын төрөлүшү белгиленген мөөнөттөн 4 ай эрте ишке ашкан жана жасалма жол менен жарык дүйнөгө келген.
13 айга созулган дарылануудан соң ымыркай ооруканадан чыгарылып, ата-энесине тапшырылган. Учурда бөбөктүн салмагы 6 килограмм 300 граммга жетип калганы да айтылды.
Ымыркайды төрөткөн ооруканадан билдиришкендей, бөбөк жаңы жарыкка келгенде жашап кетүү ыктымалдыгы абдан төмөн болгон.
"Ооруканада жатканда Йу Хуан ар кандай дарылоо баскычтарынан өттү. Жашап кетиш үчүн көптөгөн жабдыктарга муктаж болду. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, өзүнүн аракети менен айланасындагы адамдарды жашоого шыктандырды", - деп билдиришкен ооруканадан.
Учурда Йу Хуан дагы эле өпкө оорусу менен күрөшүп жатат. Өз алдынча дем алуу үчүн бирөөлөрдүн жардамына муктаж. Бирок доктурлар ымыркайдын ден соолугу күндөн-күнгө жакшы жагына өзгөрүп жатканын айтышканы маалым болду.
Ымыркайдын ата-энеси ооруканада жаткан учурда бөбөктүн дарылануусу үчүн ачылган эсептерге жалпы 270 миң доллар топтолгонун билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейинки дүйнөдөгү эң кичинекей ымыркай 2018-жылы Америка Кошмо Штаттарында төрөлгөн. Анын салмагы 245 граммды түзгөн.