Орусиялык ырчы МакSим кадимки палатага которулганы айтылды

МакSим деген ат менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Марина Абрамованын абалы жакшырып, кадимки палатага которулду. Бул тууралуу анын өкүлү Маргарита Соколовага шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

"Дарыгерлер МакSимди ооруканадан качан чыгара турушканын так айтышкан жок. Бирок ал күн алыс эмес", - деп билдирген Соколова.

Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, өпкөсүнүн оң тарабы иштебей калганы, ага жасалма дем алдыруучу аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.

Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dembele84
2021-08-09 18:06:07
Ушул Максимди кайра кайра жаза берип тажабадынарбы?
-4
men
2021-08-09 18:20:46
Мунун ар бир абалындагы жанылык биз учун маанилуубу деген ой келбей койбойт. Адам катары ден соолук каалам коем, бирок маанилуу жанылык окугум келет.
+2
Antiradikal5
2021-08-10 03:11:44
men, мен мисалы олум менен канча убакыттан бери курошуп келген бул кыз тууралуу маалымат корсом созсуз кайрылып окуп отом. Айыгып кетсин. Убагында ырлары хит болуп, копчулук укчу. Жаш туруп олум менен курошуп жатса переживать этесин да. Копчулук умутун узуп олдуго чыгарып коюшту эле. Айыгып жатканын угуп мен кубанып турам. Ал эми сен аттап отуп кет окубай. Анжелика, Самара боюнча ыпыр сыпыр бир нерселерди тынбай жаза берсе деле окуйсунар го унчукпай эле.....
+2
Apyn8793
2021-08-09 18:34:42
Айыгып кетсин. Ырас болгон тура палатага которулуп.
+10
aslan_akjol89
2021-08-09 21:27:10
Кабатыр болуп жаткан куйормандары учун чыгарып жатышкандыр балким.Теманы окуп,жакпаса кирбей эле койгула да дальше.Ким силерди моюнунардан бурап окутуп жатат бул жанылыкты???
+3
mirlanpiter
2021-08-09 21:36:15
Максим сулуу кыз,1 жыл мурун бир жаш кыргыз балага акчалай көп суммада жардам берген ...так маалымат [moderated]дан көрсөңөр болот
0
aslan_akjol89
2021-08-09 23:22:35
mirlanpiter,ал Нюша жардам берген.Адашып албадынарбы?
+2
Omyke
2021-08-10 09:20:07
Эсен Аман Айыгып кетсин
0
Zumrudianka
2021-08-10 11:50:22
Мен учун кызыктуу Максимдин жакшы болуп кетуусу. Жакшы болуп дагы эл алдына чыгып чыгармасын улантсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан