Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облусунда бир аптада 76 мас абалындагы айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 76 мас абалындагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-июлдан 7-августка чейинки бир жума аралыгында жалпы 1 миң 439 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган.

"Анын ичинен 76 айдоочу унааларын мас абалында, 537 айдоочу катуу ылдамдыкта, 15 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 811 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 238 унаа атайын айып короого коюлган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан