"Бомба бар деген чындыкка дал келбейт". "Айчүрөк" соода борборунун кызматкери окуя боюнча айтып берди

"Айчүрөк" соода борборунда бомба жана барымтага алынган адамдар бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыга аталган соода барбордун күзөт кызматынын башчысы Виктор Жирков билдирди.

Анын айтымында, 102 кызматына дааратканада жарылуучу зат бар деген маалымат келип түшкөн.

"Жагдайды териштирүү максатында адамдардын коопсуздугу үчүн ичиндеги бардык жарандар сыртка чыгарылган. Болгону ушул. Ичинде барымтада адамдар бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Муну ким ойлоп тапканын билбейбиз. Азыр ичинде укук коргоо органдары бар", - деди ал.

Учурда тосулган жолдор ачылып, адамдар мурдагыдай кирип башташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-08-09 18:57:38
НПО лор мусулмандарга жалаа жаап жатышатко.
-2
Antiradikal5
2021-08-10 03:13:11
Pankration_MMA, доорубочу!
0
surgeon777
2021-08-09 22:30:27
Чын элеби же эч нерсе табылбай ложный звонокко шылтап койдунарьы?)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан