Бул ирет биздин маек төрүбүздүн коногу нечендеген обондорду жаратып, калың элге тартуулап келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Атайбек Бөдөшов агайыбыз болуп, чыгармачылык жолу, обологон обондору, үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
“Бизде уникалдуу 5-6 эле үн бар” деген белгилүү обончу төмөнкүлөргө токтолду.
"Бизде 5-6 эле уникалдуу үндүү инсандар бар. Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Болот Миңжылиев, Каныкей Эралиева, Шахрезада Аскарова. Бирин дагы баалабадык, колдоно алган жокпуз. Казактарды карагылачы, Димаш Кудайбергеновду дүйнөгө чыгарып коюшту. Мамлекет көңүл буруп, сүрөп койгондо Шахрезада эчак эле Алла Пугачёваны басып өтмөк", - дейт Бөдөшов.
Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз.