Кыргыз эстрада ырчысы жана актриса Толгонай Арзыкееванын жигити колун сурады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Достор, Кудай буюрса, Толгонай Арзыкеева бизге келин бала болот. Бүгүн менин жакшы көргөн кайним Нурсултан колун сурады. Мен абдан кубанычтамын. Каалоо-тилектерди үйлөнүү тоюңарда айтам", - деп жазды Атабеков.
Толгонай Арзыкееванын колун сураган Нурсултан Төлепберген Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин бир тууган иниси.