Ош шаарына Кытайдын Синин шаарынан медициналык каражаттар түрүндөгү жардам келди. Бул туурасында түштүк аймактык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"9-августта медициналык каражаттар менен гуманитардык жардам Ошко келип түштү. Анда медициналык бет каптар, респираторлор, коргоочу костюмдар, инфракызыл термометрлер бар. Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, Кытай тараптан келген өкүлдөргө ыраазычылык билдирди. Гуманитардык жүк Ош шаарындагы жаңы типтеги COVID-19дун жайылышын алдын алуу максатында шаардын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына бөлүштүрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.