Чүй облусунун Беловодск айылында камактагы адамга карата ырайымсыз мамиле жасоо фактысы катталды. Анда кызматкерлер соттолуучуну уруп-сабап, бир айга айып изоляторунда кармашкан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.
6-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жана бөлүм башчы Бакыт Касымкулов Чүй облусунун Беловодск айылынын жанындагы №16 жана №47 абактарга текшерүү жүргүзүлгөн. Анда соттолгондорго карата ырайымсыз мамиле жасалып, укуктары бузулган фактылар аныкталды.
"Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен айыпталып 9 жылга эркинен ажыратылган Р.у.С. аттуу соттолуучу арыз жазган. Арызда ал 5-август күнү эртең менен уктап калгандыктан эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калган. Андан кийин 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, штрафтык камерага сүйрөп кирип, башка тээп сабашкан. Андан соң 1 айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Мындай кордукка каршылык көргөзүп, ал көкүрөгүн кесип салган. Соттолуучу айыптууларды жоопко тартууну суранууда.
Ал эми №47 түзөтүү мекемесинде Токмок шаардык соту тарабынан 12 жарым жылга талап-тоноочулук боюнча айыпталып, соттолгон С.А. менен сүйлөшүү жүргөн. Анын айтымында, ал Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан жана ал жерден 5-августта кечки текшерүүдөн кийин кырсыкка кабылган.
Терезени айнектөөгө аракет кылып жатканда сынган айнектин бир бөлүгү камактагынын көкүрөгүн кесип, жаракат алган. Чакырууга келген медициналык топ аны күзөтчүлөрдүн коштоосу менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып барышкан. Бирок ал жерден дарыгерлер жабырлануучунун соттолгондугуна жүйөө кылып, аны кабыл алуудан баш тартышкан.
"Тез жардамдын" дарыгерлери акт түзүп, бейтапты Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барышып, ал жерден бейтаптын кесилген жерине медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин бейтап №47 түзөтүү колониясына жеткирилген. Колониянын дарыгери Мамазарованын айтымында, анын жаракаты терең эмес.
Улуттук борбордун адистеринин айтымында, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартууга болбойт. Бардык жарандар, республиканын каалаган медициналык мекемесине чукул келип түшкөндө, өз убагында квалификациялуу медициналык кызматтарды алууга укуктуу", - деп жазылат маалыматта.