Жалал-Абадда турак үй, тиричилик буюмдары жана жеңил унаа күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Ынтымак айылында турак үй, андагы тиричилик буюмдары жана жеңил унаа күйүп кетти. Мындай билдирүүнү ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"10-августка караган түнү Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында турак үйдүн 78 чарчы метр чатыры, 1 сыналгы, 1 муздаткыч жана Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 04:06дп өрт чектөөгө алынып, таңкы саат 06:15те толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок, учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан