"Токио-2020" Жайкы Олимпиада оюндарында Казакстан өлкөсүнүн спортчулары кийген спорттук формалар сатыкка чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга чейин аталган формалар Олимпиададагы эң саркеч спорттук кийимдердин катарына кирген. Бирок алардын сатыктагы баасы көпчүлүк сатып алууну каалаган адамдарды таң калтырууда.
Маалыматка ылайык, пиджак 150 миң теңге (29 миң кыргыз сому), капюшон 110 миң теңге (22 миң сом), шым 60 миң теңге (12 миң сом) жана футболка 35 миң теңгеге (7 миң сом) сатылууда. Аталган спорттук форманы толугу менен сатып алыш үчүн кардар бардыгы болуп 355 миң теңге же 70 миң сом төлөшү керек болот. Учурда мындай баа социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.
Ал эми дизайнер Салтанат Байдумухамедова азыркы тапта даяр форма калбай калганын билдирди. Анын айтымында, спорттук кийимдер дем алыш күндөрү толугу менен сатылып кеткен. Эми мындай кийимдер атайын буйрутмалардын негизинде гана тигилерин кошумчалады дизайнер.
Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиадасынын ачылыш аземинен соң "Forbes" журналы эң саркеч деп 8 өлкөнүн формасын атаган. Ал топко АКШ, Орусия, Либерия, Чехия, Казакстан, Кытай, Түштүк Африка жана Япония өлкөсүнүн спорттук формалары кирген.