Ырчы МакSим күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

МакSим деген ат менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Марина Абрамова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына кайрылды.

"Баарына салам, мен сиздер мененмин. Биринчиден, ушул убакыттын ичинде мен үчүн чын жүрөктөн тынчсыздангандардын баарына көрсөткөн чоң колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет", - деп жазды ырчы.

Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, өпкөсүнүн оң тарабы иштебей калганы, ага жасалма дем алдыруучу аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.

Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-08-10 15:11:49
Максим я с тобой!
+3
Asmat84
2021-08-11 10:42:08
Жакшы болуптур айыгып кетип. Али жашсың Максим жашашың керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан