Беларусь өлкөсүнүн президенти жакынкы күндөрү кызматынан кетерин билдирди

Беларусь өлкөсүнүн лидери Александр Лукашенко жакында президенттик кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент мындай билдирүүсүн журналисттер, коомчулук өкүлдөрү жана эксперттер катышкан "Президент менен чоң маек" жолугушуусунда билдирген.

"Лукашенко качан кетет" деген жана башка нерселерди талкуулоонун кереги жок. Жакынкы күндөрү", - деп белгилеген өлкө башчысы.

Ошондой эле ал кеткен соң анын ордуна жөнөкөй адамдар келерин айткан.

"Мен кызматтан кеткенден кийин кантип жашарымды жана эмне иш кыларымды билбейм. Аны азырынча элестете албайм", - деп кошумчалаган Александр Лукашенко.

Беларусь лидери кайрадан президенттик кызматка келгенинин бир жылдыгына карата журналисттер менен жолугушуу өткөргөн.

Эске салсак, Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүн 27 жылдан бери башкарып келет. Анын былтыркы президенттик шайлоодогу алтынчы жолку жеңиши көптөгөн нааразычылык акциялары, массалык митингдер менен коштолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHaidulda
2021-08-10 14:39:02
Бул кетке Бакиевти Ким калкалай,экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан