Араванда каналга агып кеткен 30 жаштагы кишинин сөөгү Өзбекстандан табылды

Ош облусунун Араван районуна караштуу Ленин айылындагы Фергана каналына 30 жаштагы киши түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө 1991-жылы туулган С.Д. аттуу киши каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине 19 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды. Ал Өзбекстандын аймагына агып кеткен болушу мүмкүн делинип, Андижан облусунун Мархамат районунан 4 куткаруучу тартылган. Көп өтпөй Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан анын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jacob.
2021-08-10 12:59:46
Дилмурат жакшы бала эле, аттин жаш кетти…
0
Pankration_MMA
2021-08-10 13:05:53
Jacob., Тааныйт белең?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан