Аслан Сартбаев сурак бергенден кийин коё берилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан "расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)" беренеси менен "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал кечээ, 9-августта сурак бергенден кийин коё берилгенин аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 6-августта социалдык тармакта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовго карата "Бул итибайдын "ошский ромашкалары" кимге керек? Ушуну кантип чыдап угуп отурушат" деген постун жазган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар муну трайбализм катары мүнөздөгөн, ал эми калаа башчысынын кеңешчиси талкуу жараткан пост боюнча УКМК сөзсүз түрдө чара көрүшү керектигин билдирген.

7-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен "расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)" беренеси менен "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлашты. Аталган мекемеден Сартбаев интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалганын кошумчалашкан. Андан кийин редактор кармалышы боюнча социалдык тармакка билдирүү калтырып, кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bessmertiy
2021-08-10 15:03:42
Түсүңдү урайын ушуну
+6
basyz-kaman
2021-08-10 16:14:15
Газетасын таптакыр жаап салыш керек. Ар кандай ушак сөздөр жазылган тыйынчалык баркы жок газетасын эч ким деле окубайт.
+7
NURSAPAR
2021-08-10 16:20:08
Сталин авам болгондо ушуга окшогон чычкактарды чекеден атмак. Бул кыргызды бөлүп жарган айбан.
+7
Datka7777
2021-08-10 16:58:03
Ушак менен жан баккан бечара
+8
IOA
2021-08-10 17:32:33
Трайбалист
+2
Eduard71
2021-08-10 18:30:08
жок дегенде Ошко Камчыбек аканин короосуна 3 кун эс алдырып койбоду да ушуну
+1
al-abu-kinesz
2021-08-11 00:35:39
Рожанды урайын
+1
Asmat84
2021-08-11 10:24:57
УКМК эмне себептен ушуга окшогон акмактарга катаал жаза колдонбойт. Бул эң жазалардын ооруна кире турган берене болуш керек. Эсинер барда этегиңерди жапкыла эртең жалпы эл көтөрүлүп жүрбөсүн. Ушундай сөздөрдөн улам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан