Кечээ, 9-август күнү Бишкек шаарында Toyota RAV4 менен Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 22:00 чамасында Ак-Өргө конушунда, тагыраагы Өмүракунов (Гагарин) көчөсүндө болгон.
Кырсыктын кесепетинен 4 жаран ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Унаа айып короо жайына токтотулду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.