UFC уюмунун жеңил салмак боюнча мушкери, мекендешибиз Рафаэль Физиев аталган уюмдун экс-чемпиону, орусиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Мен эч качан Хабибдин күйөрманы болгон эмесмин. Себеби мушташуу стилдерибиз таптакыр башкача. Мен муштум менен, ал болсо балбан. Хабиб күрөштө өтө күчтүү. Анын күрөшү менен каалаган адамды жеңсе болот. Бирок мага мындай стиль жакпайт.
Ислам Махачев менен Дрю Добердин мушташы сыяктуу беттештерди эч көргүм келбейт. 3 раунд бою күрөш. Ал муну аягына чыгарса да аябай кызыксыз беттеш болгон", - деп билдирген Рафаэль Физиев.
Белгилей кетсек, Рафаэль Физиев 8-август күнү UFC 265 турниринин алкагында америкалык мушкер Бобби Грин менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңишке жетишкен. Ошондой эле ал беттеш "кеченин беттеши" аталып, Физиев жана атаандашына кызыктуу беттеш өткөргөнү үчүн 50 миң доллардан кошумча сыйлык ыйгарылган.