Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Бишкектин Октябрь районун Кара-Жыгач конушунда жайгашкан турак үйдүн короосунда Mazda Demio үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, түнкү саат 02:38де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.