Бир кезде кол чатырын артындагы кишиге карматып сынга кабылган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун дагы бир сүрөтү талкуу жаратты.
Анын тырмоо кармап иштеп жаткан сүрөтү социалдык тармактарда талкууланды. 7-августта Таалайбек Сарыбашов жалпы шаардык ишембиликке катышкан.
Ош шаарында 2016-жылы июнь айларында өткөн эл аралык "Этномаданият" фестивалында жамгыр жаап жаткан учурда кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган чиновниктердин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда Сарыбашовдун дагы сүрөтү жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган. Социалдык түйүндөрдө чиновниктерди шылдыңдоо максатында кол чатыр кармаган флешмоб дагы жайылган.